Улуттук банк жыл башынан бери 308 миллион долларга 15 жолу интервенция жасады. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Мелис Тургунбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал АКШ валютасынын арзандашын туристтик сезон менен байланыштырып, рынокто доллардын көлөмү көптүгүн айтты.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери доллар 89,7 сомдон 84,03 сомго түштү. Казакстан (475,47 — 84,03) Тажикстан (10.6235 сомони- 83, 9 сом) жана Өзбекстанда (12620 сум, 84,23 сом) учурда АКШ валютасынын наркы тенделип калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз