Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна тоңдурулган балык (минтай) артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Чүйдөгү «Чалдыбар» чек ара ветеринардык көзөмөл бекетинин кызматкерлери тоңдурулган балыкты ташып келүүдө ветеринардык-санитардык талаптар сакталбаганын, тиешелүү документтер болбогондугун аныктаган. Ага байланыштуу 22 тонна балык артка жөнөтүлгөн.