Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Алты айда алты кызды ала качып кетишкен
31.07.2024 | 14:00
Жылдын биринчи жарымында өлкөдө алты кызды ала качышкан. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү Элиза Шалбаевага шилтеп Спутник жазды.
Быйыл беш кылмыш иши (башкача айтканда 90 пайызы) сотко жөнөтүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алышкан.
“Биздеги маалымат боюнча, бул жылдын алты айында ала качкан алты факты катталган. Ал эми 2023-жылы 14, 2022-жылы 36 учур аныкталган. Быйылкы жылы уруп-сабоо, өлүмгө учураган же жашы жете электерге байланыштуу уурдай качкан фактылар катталган жок”, — деди Шалбаева.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова белгилегендей, калк арасында өзгөчө мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом