Бишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалдыБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдө
Олимпиада: Дзюдочу Эрлан Шеров мелдешти жеңиш менен баштады
31.07.2024 | 14:39
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Шеров 90 кг салмакта күч сынашууда. Ал беттешти 1/16 финалдан баштап, биринчи кармашында кубалык Иван Фелипе Силва менен кез келди.
Эки дзюдочу 4 мүнөт күрөшүп, беттештин негизги убактысы аяктаганга чейин упай ала алган жок. Бирок Шеровго бир шидо (эскертүү) жана Силвага эки эскертүү берилди.
Андан кийин спортчулар Голден скордогу (биринчи упай алганга чейин) беттешке өттү. Голден скордо кубалык дзюдочуга пассивдүүлүк үчүн дагы бир эскертүү берилип, натыйжада жеңиш Шеровго ыйгарылды.
Эми 1/8 финалда Шеров испаниялык Тристани Мосахлишвили менен күч сынашат.