Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Олимпиада: Дзюдочу Эрлан Шеров мелдешти жеңиш менен баштады
31.07.2024 | 14:39
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Шеров 90 кг салмакта күч сынашууда. Ал беттешти 1/16 финалдан баштап, биринчи кармашында кубалык Иван Фелипе Силва менен кез келди.
Эки дзюдочу 4 мүнөт күрөшүп, беттештин негизги убактысы аяктаганга чейин упай ала алган жок. Бирок Шеровго бир шидо (эскертүү) жана Силвага эки эскертүү берилди.
Андан кийин спортчулар Голден скордогу (биринчи упай алганга чейин) беттешке өттү. Голден скордо кубалык дзюдочуга пассивдүүлүк үчүн дагы бир эскертүү берилип, натыйжада жеңиш Шеровго ыйгарылды.
Эми 1/8 финалда Шеров испаниялык Тристани Мосахлишвили менен күч сынашат.