Күндүн аномалдуу ысыгына байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жуулуп турат. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери күн абдан ысык учурларда жолдорду жуу иштерин жүргүзүшөт. Учурда 8 тонналык 8 суу ташуучу унаа жолго суу чачып иштеп жатат.
Суу чачуу иштери жүргүзүлүп жаткан көчөлөр: Абдрахманов, Чүй, Шопоков, Ибраимов, Фрунзе, Московский, Токтогул, Киев.
Мындан тышкары суу чачуу иштери түнкү саат 2-3төрдө жүргүзүлүп, таңкы саат 7ге чейин уланууда.