Бишкек шаарында 18 жаштагы Айдар Токтогонов изделип жатат. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-августта РИИБге Т.К. аттуу жаран кайрылып, 2006-жылы туулган иниси Айдар Эрмекович Токтогоновду издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, иниси 31-июлда Кара-Жыгач конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз. Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталган.
Белгилери: бою — 183-186 см, чачы кара, көзү кара.
Кийген кийимдери: ак калпак, ак футболка, боз шорты, бутунда ак кроссовка.
Милиция кимде ким Токтогонов Айдар Эрмековичтин жүргөн жерин билгендер болсо 0(312) 54-41-16, 0(708) 12-83-96 жана 102 телефондоруна чалууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз