Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды
Олимпиада: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты
05.08.2024 | 21:48
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Жуманазарова 68 кг салмакта күрөшүүдө. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде утту.
Ал эми чейрек финалда ал япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө Жуманазарова 6:0 эсебинде алдыга чыкты. Бирок экинчи бөлүктө Озаки аны кууп жетип, эсепти 6:6 кылды. Япониялык балбан кыз артыкчылык упай менен алдыга чыкты. Ошентсе да Жуманазарова моюн сунуп калбай, беттештин аяктарына 10 секунда калганда атаандашынын аркасына өтүп, 2 упай алды. Ошентип Жуманазарова беттештин соңку секунддарында атаандашынан жеңишти сууруп кетти.