Милиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калдыНазарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайтБишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө
Олимпиада: Шаршенбеков жарым финалда жеңилүү ызасын тартты
06.08.2024 | 01:20
Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын жарым финалында жеңилүү ызасын тартты.
Шаршенбеков 60 кг салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Айдос Султангали 6:3 эсебинде жеңди.
Андан кийин чейрек финалда румыниялык Резван Арнаутту 9:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда ал япониялык Кеничиро Фумита менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилип калды.
Эми Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт. Беттеш 6-августта өтөт.