Эртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат
Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды (видео)
06.08.2024 | 11:56
Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя бүгүн, 6-августта Бишкектин Абдымомунов көчөсүндө болгон. Эркек киши турак үйдүн 8-кабатынан секирип, өз өмүрүнө кол салмакчы болгон.
Жерине куткаруучулар тартылып, сүйлөшүү жолу менен аны өз жанын кыюудан баш тартууга көндүрүшкөн.
Аталган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.