Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
УКМК Нарындын губернаторунун мурдагы орун басарын кармады (видео)
06.08.2024 | 13:19
Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Исабек Абдыгазиев 2005-2007-жылдары облус башчысынын орун басар кызматында иштеген. УКМКнын маалыматы боюнча, ошол мезгилде ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасынан 160,9 гектар жерди акысыз пайдаланууга алган. 2007-жылдан бери ал жерге мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттарды мыйзамсыз салып, коммерциялык максатта иштетип келген. Бирок мамлекетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.
Коопсуздук комитети Исабек Абдыгазиев тергөө аяктаганга чейин камакка алынганын билдирди.