Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты.
Махмудов бүгүн, 6-августта күрөш боюнча мелдештин экинчи күнүндө килемге чыкты. Ал алгач 1/8 финалда америкалык Камал Бейди 4:1 эсебинде утту.
Андан кийин чейрек финалда Махмудов казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашып, 1:3 эсебинде женилип калды.