Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен жолугушту: кандай маселелер талкууланды?ДКӨ жана ШКУ: Бишкек менен Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кандай иштейтЕАӨБ: Кыргызстанда инфляция 11,4%га чейин ылдамдады жана 2028-жылга карай гана калыбына келетИрандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келдиКОСУнун бүтүрүүчүсү Көчмөндөр оюндарында өз коллекциясын тартуулайтКөчмөндөр оюндарындагы коопсуздук: баланы, акчаны, документтерди жана өзүңдү кантип сактоо керек?
Ошто өлкөгө мыйзамсыз алынып келген жүк ташуучу унаа аныкталды
06.08.2024 | 17:03
«Ош» бажысынын кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз алынып келген жүк ташуучу унааны аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Каратай айылында Кыргызстандын жараны Т.З. башкарып бараткан SHACMAN унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын VIN каттоо белгилери унаанын документтерине дал келбегендиги аныкталган. Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа убактылуу бажы көзөмөл аймагына коюлган.
Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом