Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Париждеги Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилди.
97 кг салмакта күрөшкөн Жусупбеков биринчи кармашында литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде уткан. Ал эми чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Сарави менен кез келип, ага 0:8 эсебинде жеңилди.