Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Садыр Жапаров Астанада Япониянын өкмөт башчысы менен жолугат
07.08.2024 | 12:56
Президент Садыр Жапаров 8-10-августта Казакстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Иш сапардын алкагында Жапаров Астанада өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна жана “Борбор Азия+Япония” саммитине катышат.
Ошондой эле ал Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом