Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Балбан Үзүр Жусупбеков Олимпиаданын колосу үчүн күрөшөт
07.08.2024 | 15:39
Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Жусупбеков 97 кг салмакта күрөшүүдө. Ал кечээ, 6-августта таймашка чыгып, 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде уткан. Ал эми чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиден 0:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.
Ирандык спортчу финалга өткөндүктөн, Жусупбеков көңүл жубатуучу беттешке чыгып коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган.
Үзүр Жусупбеков бүгүн, 7-августта көңүл жубатуучу беттешке чыгып, америкалык Жозеф Рау менен кез келди. Ал атаандашын 9:4 эсебинде жеңип, коло үчүн күрөшө турган болду.
Эми Жусупбеков үчүнчү орун үчүн египеттик Мохамед Али Габр менен күрөшөт.