Кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 14-орунду ээледи.
Ал 42,2 км марафондук аралыкка чуркады, ага жалпы 91 спортчу катышты.
Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секунда көрсөткүчү менен 14-орунга чыкты.
Голландиялык спортчу Олимпиада чемпиону болду. Трофимова андан 3 минут 52 секунд артта калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз