Бишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилдиБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. ДаректериАламүдүн базарында Бишкектеги экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ачылдыКыргызстанда ээрчип алуу зомбулукка тете аракет деп таанылды: мыйзамга кол коюлдуДанияр Амангелдиев Россия элчиси менен жолукту. Эмне маселе каралды?Кыргызстандын тышкы иштер министри Венгрияга барды
Ысык-Көлдө чагылган тийип 60 кой өлдү (видео)
16.08.2024 | 10:14
Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип 60 кой өлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Окуя 15-августта Коңур-Өлөң айылынын жогору жагындагы Кичи-Аңги жайлоосунда болгон.
Облустагы өкүлчүлүк билдиргендей, жайлоого унаа бара албагандыктан, өлгөн койлор айылга ат менен түшүрүлүп, андан кийин атайын жайга көмүлөт.
https://reporter.kg/ysyk-koldo-250-koj-chagylgan-tijip-oldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом