Кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн куймаларын экспорттоого тыюу салынды. Бул боюнча Министрлер кабинети 15-августта токтом кабыл алды.
Ага ылайык алты айлык мөөнөткө четке ташууга бөгөт коюлат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдын август айынан бери ката металлды экспорттоого тыюу салынган.