Бишкекте унаа токтоочу жайлардын акысы көтөрүлөт

19.08.2024 | 13:30

Бишкек шаарындагы унаа токтоочу жайларга эми акы алынат. Бул тууралуу токтомдун долбоору “Коом талкуу” порталына жарыяланды.

Ага ылайык мэрия төмөнкү бааны сунуштайт:

  • Биринчи саатта – 25 сом;
  • Андан ашса – 40 сом 100 сомго чейин.

Мэриянын маалыматында, шаарда 683 миң автотранспорт каражаты катталган. Муниципалитет айдоочулар автомобилдерин жолдун четине таштап кетишип, жол-транспорттармагында ынгайсыз абалды жаратып жатканын айтат.

“Ошондуктан, учурдагы транспорттук көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүүүчүн токтомо жана авто коюу жайлардн уюуштуруу ыкмасын кайра карап чыгуу зарыл”, – дейт мэрия.

Бишкек бийлиги Вене, Вашингтон, Сеул Пекин, Москва шаарларын мисал келтирет.

Алардын маалыматында, Вашингтондо айдоочулар 15 мүнөт токтоп туруу үчүн 0,5 долларды төлөйт, Сеулда – 3 миң вон, Пекинде 10-15 юань, Алматада –  100-150 теңге, Душанбеде –  3 сомони.

Scroll to Top