Ошто кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата «Ыр кесе» уюштурулду

Ошто кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата «Ыр кесе» уюштурулду

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Ыр кесе» майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

«Ыр кеседе» кыргыз милициясын даңктаган хор ыры аткарылып, кыргыз милициясынын басып өткөн тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлгөн. Ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, мекенди коргоого, сүйүүгө үндөгөн мекен ырлары жаңырып, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган оюндар уюштурулган.

Келген коноктор кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан жана тамак-аштарынан даам сызган.

Майрамдык салтанатка облус башчысынын орун басары Курбанбек Айтибаев, облустук милициянын жетекчисинин орун басары Ашырбек Ахунов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев, Жалал-Абад облустук милициянын башчысынын орун басары Азамат Ибраев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков жана өздүк курам катышкан.

Соңунда «Ыр кесенин» кезеги Жала-Абад облустук милициясына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>