Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
Жогорку Кеңештен дагы бир депутат кетти
19.08.2024 | 14:44
Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин мандаты алынды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-августта өткөн жыйынында кабыл алынды.
БШКнын отурумунда айтылгандай, Абдалиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазган. Анын мандатын алууну БШКнын 12 мүчөсү бир добуштан колдоду.
Мейкинбек Абдалиев парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты болгон. Азырынча анын мандатын тапшырганынын себеби белгисиз. Комментарий алуу үчүн ал менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Эскерте кетсек, буга чейин да бир катар депутат мандатын тапшырып кеткен.
https://reporter.kg/dagy-bir-deputat-zhkdan-ketti-bul-iret-tazabek-ikramov-mandatyn-tapshyrdy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом