Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайыБишкектеги «Аска-Таш» комплексинде фонтандар оңдолуп, көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке жаңы депутат келди
19.08.2024 | 15:26
Депутаттык мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке Арсланбек Эгембердиев келди.
Белгилүү болгондой, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдалиев жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Ага байланыштуу БШК бош калган мандатты 2021-жылдагы шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын катарында депутаттыкка аттанган Арсланбек Эгембердиевге тапшырды. Ага депутаттык күбөлүк менен төш белги берилди.
Арсланбек Эгембердиев 46 жашта. Буга чейин “АККА-Петролеум” компаниясынын башкы директору болуп иштеген.
https://reporter.kg/zhogorku-keneshten-dagy-bir-deputat-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом