Кыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледи
Кыргызстандык 4 тасма Казакстандагы кинофестивалда көрсөтүлөт
20.08.2024 | 11:06
Кыргызстандык 4 тасма Казакстанда өтө турган Baiqonyr дебюттук жана кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Фестиваль 3-8-сентябрда Алматыда өтөт.
Анда Кыргызстандык режиссерлор Тыныстан Темиржандын “Ромео”, Чолпон Жанадылдын “Унутулгандар”, Саадат Казакбаеванын “Күүгүмдөгү коңгуроо” кыска метраждуу тасмалары жана Тынчтык Абылкасымовдун Error 404 толук метраждуу тасмасы көрсөтүлөт.
Аталган кинофестиваль быйыл тогузунчу ирет өткөрүлөт.