Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстандык 4 тасма Казакстандагы кинофестивалда көрсөтүлөт
20.08.2024 | 11:06
Кыргызстандык 4 тасма Казакстанда өтө турган Baiqonyr дебюттук жана кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Фестиваль 3-8-сентябрда Алматыда өтөт.
Анда Кыргызстандык режиссерлор Тыныстан Темиржандын “Ромео”, Чолпон Жанадылдын “Унутулгандар”, Саадат Казакбаеванын “Күүгүмдөгү коңгуроо” кыска метраждуу тасмалары жана Тынчтык Абылкасымовдун Error 404 толук метраждуу тасмасы көрсөтүлөт.
Аталган кинофестиваль быйыл тогузунчу ирет өткөрүлөт.