«Төө-Ашууда» Г.Ж.А. аттуу жаран 40 кг сымап менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
57 жаштагы киши сымаптын ири партиясын Баткенден Бишкекке алып бара жаткан. 40 кгны 8 миң долларга сатмакчы болгон.
Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.