Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Сокулукта 134,2 млн сомго балыкты кайра иштеткен цех салынууда
23.08.2024 | 17:22
Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Жол айылында 134 млн 250 миң сомго балык жана балык азыктарын кайра иштеткен цех салынууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал «Вилби» ишканасы тарабынан курулууда. Цех ишке кирсе 45 жаңы жумуш оруну түзүлөт.
Ишкана жылына өндүрө турган өнүмдөр:
- Муздатылган форель – 1000 тонна;
- Тоңдурулган форель – 1000 тонна;
- Ышталган балык өнүмдөрү – 800 тонна;
- Кургатылган балык өнүмдөрү – 400 тонна;
- Аз туздалган балык азыктары – 1000 тонна;
- Консерваланган продукция – 1 000 000 даана.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом