Бишкектен Делиге авиа каттам ачылат

Бишкектен Делиге авиа каттам ачылат

23-августта Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов менен IndiGo компаниясынын авиациялык саясат жана өнөр жай боюнча вице-президенти Раджан Малхотра жолушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Дели-Бишкек-Дели рейсин ачуу маселеси талкууланды. Анда Р.Малхотра IndiGo компаниясынын аталган багыт боюнча авиа каттамдарды баштоого даярдыгын билдирди.

Компания Индия өкмөтү тарабынан колдоого ээ болуп, бул каттамдарды жумасына 7 күн катары менен аткарууга уруксат алган. Элчи Аскар Бешимов бул маселени мындан ары илгерилетүү үчүн жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтып, АКШ, Улуу Британия жана Шенген өлкөлөрүнүн узак мөөнөттүү визасы бар Индиянын жарандары үчүн 7 күнгө чейин, 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу менен визасыз режим каралганын айтты.

Тараптар Индиядан Кыргызстанга топ туристтерди жөнөтүү, тиешелүү жарнамалык кампанияларды даярдоо жана өткөрүү, туристтик фирмалардын ортосундагы байланышты чыңдоо аркылуу туризм тармагында кызматташууну макулдашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>