Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырууга арыз жазды.
«Алла Таалам көрүп турат. Эң негизгиси — башкаларга зыяныбыз тийбесин», — деп ал Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
Арызды жакынкы күндөрү Боршайком карап чыгат. Аны менен парламенттин азыркы чакырылышынын 21инчи эл өкүлү ыйгарым укуктарын токтотот.
Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Ага чейин коопсуздук кызматына суракка чакырылган кийин Тазакбек Икрамов мандатын тапшырган.