Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырат
30.08.2024 | 13:35
Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырууга арыз жазды.
“Алла Таалам көрүп турат. Эң негизгиси – башкаларга зыяныбыз тийбесин”, – деп ал Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
Арызды жакынкы күндөрү Боршайком карап чыгат. Аны менен парламенттин азыркы чакырылышынын 21инчи эл өкүлү ыйгарым укуктарын токтотот.
Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Ага чейин коопсуздук кызматына суракка чакырылган кийин Тазакбек Икрамов мандатын тапшырган.
https://reporter.kg/nurzhigit-kadyrbekov-ukmkga-surakka-chakyryldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом