Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Гүлназ Жүзбаева Паралимпиада оюндарында 13-орунду ээледи
01.09.2024 | 15:05
Кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева Париждеги Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча жарышка чыкты.
Ал 1-сентябрда азиз спортчулар арасында 1500 метр аралыкка жарышка катышкан. Анын жол көрсөткүчү Юлия Фурнас болчу. Жалпысынан 15 спортчу жарышка чыгып, алар 3кө бөлүнгөн.
Жүзбаева биринчи жарышта чыгып, ал 6 минута 11,36 секундда келип, жеке рекордун көрсөттү. Жыйынтыктоочу протоколдо кыргызстандык параспортчу 13-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар