Камчы Көлбаевдин тобунун Киборг каймана аттуу мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин тобунун Киборг каймана аттуу мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Киборг каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, жоюлган мыйзамдагы ууру К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Киборг» каймана аты бар КР жараны М.Н.М. мыйзамсыз иштер менен алектенген Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жана Сапа каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” С.С. менен тыгыз байланышта болгондугу тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ал «уурулардын казынасын» толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда М.Н.М. кармалып, анын жанынан Макаров системасынын травматикалык тапанчасы табылып алынган.

Учурда М.Н.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>