Бишкек шаарында УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Анын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
«УКМКнын жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.