Интернетте бирөөнү сөккөн үчүн 100 миң сом төлөгөнгө даярсызбы?

Интернетте бирөөнү сөккөн үчүн 100 миң сом төлөгөнгө даярсызбы?

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети  интернет же ЖМК аркылуу кимдир бирөөнү кемсинткен, жала жапканы үчүн айып пул салууну караштырган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. Ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу бир адамды кемсинткен, сөккөн же атайылап жалаа жапкан адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул каралган.

Айып салуу укугу Маданият министрлигине тапшырылат.

Документти талкуулоо учурунда депутат Элдар Абакиров айып пулду азайтуу жана айып пул салуу укугун Маданият министрлигине эмес, сот органдарына берүүнү сунуштады.

«Кээ бир адамдар телефондон бир нерсе карап отуруп, дароо от алып кетет да бир нерсе жазып салат. Эми ошол үчүн 100 миң айып салган, бул боюнча Маданият министрлиги чечим чыгарганы туура эмес, ашыкча. Биринчиден айып салууну сот чечиш керек. Экинчиден айып пулду азайтыш керек. Азыр Кыргызстанда орточо айлык 30-35 миң сом деп жатышат. Силер 100 миң сом айып пул салганы жатасыңар. Бул бир адамдын үч айда тапкан акчасы. 30-35 миң сом деген да чоң айлык. Себеби Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдердин орточо айлыгы 25 миң сом экен. Техникалык персоналдын маянасы 3-5 миң сом. Силер 100 миң сом айып салсаңар, ал адам эмне кылат?», — деди ал.

Талкуудан кийин комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>