Айнекти караңгылатуудан жана «өзгөчө» номерлерден түшкөн акча унаа каттоо системасын жаңылоого жумшалатКыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
Күч түзүмдөрүндө иштеп, пенсияга чыккандардын пенсиясы 1-октябрда көтөрүлбөйт
20.09.2024 | 12:49
Күч түзүмдөрүндө иштеп, пенсияга чыккан жарандардын пенсиясы 1-октябрда көтөрүлбөйт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Мукамбетовдун айтымында, күч түзүмдөрүндө иштеген жарандарга пенсия өзүнчө мыйзам менен берилет.
“Алардын пенсиясы республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Каржы министрлиги бизге акчаны которот, ал эми Социалдык фонд аны бөлүштүрүп коет. Биз акчаны берген ортомчубуз десе болот”, – деди ал.
Ошол эле учурда ал күч түзүмдөрүндө иштеп, пенсияга чыккандардын акчасын көтөрүү маселесин өкмөт чечерин жана ал министрлер кабинети тарабынан каралып жатканын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом