Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
УКМК: 3,3 кг алтынды мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду
20.09.2024 | 15:15
Кыргыз-казак чек арасында өлкөдөн 30 млн сомдук алтын куймаларды мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, 17-сентябрда “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга бараткан «Лексус 470» унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаада 3,3 кг алтын куйма катылып, өлкөдөн чыгарылып баратканы аныкталган. Алтынды чет жакка алып чыгуу үчүн тиешелүү документтер болгон эмес.
Учурда мамлекетке келтирилген зыянды тактоо, алтын куймаларды аткезчилик жол менен ташууга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом