Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгиленди
Дайынсыз болуп жаткан Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды
21.09.2024 | 16:23
Буга чейин дайынсыз болуп жаткан 73 жаштагы Сабира Бейшеналиеванын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 21-сентябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аял 14-сентябрда дайынсыз жоголгон. Ал Дорожная көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Эртең мененки саат 10дор чамасында милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин издөөчү итинин жардамы менен анын жансыз денесин Пригородное айылынан таап, соттук-медициналык экспертизага өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар