Кызыл-Омпол: Акылбек Жапаров титаномагнетит кантип алынарын көрсөттү (видео)

Кызыл-Омпол: Акылбек Жапаров титаномагнетит кантип алынарын көрсөттү (видео)

Кызыл-Омпол кени өздөштүрүлө баштады. Анын башталышын билдирген капсула салуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алгач чалгындоо жана казуу иштери Кызыл-Омполдун Таш-Булак тилкесинде жүргүзүлөт.

Жапаровдун айтымында, мамлекет Кызыл-Омполдон титаномагнетитти казып алат. Аны казып алууда уран, торий өңдүү кошумча кендерди коопсуз казып ала турган технологиялар колдонулат.

«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титаномагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет», — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштете турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Быйыл Жогорку Кеңеш уран жана торийди казып алууга киргизилген мораторийди жокко чыгарган мыйзамды кабыл алып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кызыл-Омпол уран кени инвесторлор менен бирге иштетилиши мүмкүн

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>