ЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылды
УКМК Кара-Балтадагы унаа бекетти мамлекетке кайтарганын билдирди
26.09.2024 | 12:55
Чүйдүн Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы унаа бекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, буга чейин Чүйдүн мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү бийлигинин жооптуу адамдары тарабынан Кара-Балтадагы унаа бекети 0,60 гектар жери менен жеке менчикке берилген. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө анын ээси унаа бекетин мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Анын баасы 209 млн сомго жетет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом