Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкекте 1-октябрда шаардын бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт
27.09.2024 | 09:57
Келерки аптада, 1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу Күрөңкеев – Абдрахманов – Элебесов – Бельская көчөлөрү – Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары – Чоң Чүй каналы – Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Ошондой эле «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштарында суу болбойт.
Таза суу эртең мененки саат 09:00дон түнкү саат 02:00го чейин жок болот. Суунун өчүрүлүшү «Северный» суу кампасындагы жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана тургундарды сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом