“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет үч күнгө жабылат
27.09.2024 | 17:30
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытай Эл Республикасынын негизделген күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 1нен 3-октябрга чейин жабылат.
Өткөрмө бекеттер 4-октябрда кайра иштеп баштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом