Чүйдүн Токмок шаарындагы «Чыгыш» кинотеатры 3206 чарчы метр жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2004-жылы Инвестиция тартуу боюнча комитет инвестициялык сынактын жеңүүчүсү Н.С. аттуу кишиге кинотеатрды 340 миң сомго сатып, имаратты анын менчикчигине өткөрүп берүү тууралуу келишим түзгөн. Андан кийин 2006-жылы имаратты реконструкциялоо үчүн 3206 чарчы метр жер анын жеке менчигине берилген.
Бирок аталган жаран келишимдин шарттарын бузуп, инвестор тарткан эмес жана кинотеатр өз багыты боюнча иштетилген эмес. Ошол эле учурда ал кинотеатрды башка адамга сатып салган.
Бул факт боюнча прокуратура жана УКМК текшерүү жүргүзүп, Токмок шаарынын мэриясына тиешелүү документ жөнөтүлгөн. Натыйжада шаар бийлигинин токтому менен кинотеатр мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайтарылган.
Кинотеатрдын жана ага караштуу жердин баасы 22 млн 322 миң сом деп бааланат