11 журналистке өкүм 10-октябрда чыгат

11 журналистке өкүм 10-октябрда чыгат

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өттү.

Бүгүнкү процессте айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, алар күнөөсүз экенин айтып, соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды. Акыркы сөздү бардыгы сүйлөп жетишпегендиктен, отурум 10-октябрга жылдырылды. Кийинки процессте журналисттерге өкүм чыгарылат.

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 17-январда Биринчи май райондук сот журналисттерди тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Temirov Live’да иштегендер:

1. Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» долбоорундагы акын, журналист)
2. Сапар Акунбеков (журналист, «Айт айт десе»)
3. Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы жана Temirov Live’дын директору)
4. Айке Бейшекеева (журналист, Temirov Live)
5. Акыл Орозбеков (оператор)

Temirov Live’да мурда иштегендер:

6. Тыныстан Асыпбек (журналист, «ПолитКлиника»)
7. Актилек Капаров (журналист, «Алга Медиа»)
8. Жоодар Бузумов (журналист, «Нур пресс»)
9. Сайпидин Султаналиев (журналист, «Арча Медиа»)
10. Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт)
11. Жумабек Турдалиев

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Тергөө аяктагандан кийин иш Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.

11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева 8,5 айдан бери камакта отурат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>