БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырдыӨкмөттө кыргыз-герман кызматташтыгы талкууландыФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышууда
Римде “Кыргызстан” сейил багы ачылды
04.10.2024 | 09:58
Италиянын Рим шаарында “Кыргызстан” сейил багы ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын ачылышына кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуижи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дел Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
“Сейил бактын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом