Өзбекстанда Apple Pay жана Google Pay төлөм кызматтарын кошуу башталдыКыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыБишкектеги аялдамага автобустардын келүү убактысын көрсөткөн акылдуу табло орнотулду — сүрөтМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойт
Макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогулткандар кармалды
04.10.2024 | 10:39
Макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, чет элдик жана өлкө жарандары 1326,3 кг макротомия өсүмдүгүн мыйзамсыз чогултуп, аны сатууга аракет кылган. Анын баасы 3 млн сомго жетет.
УКМК белгилегендей, айрым өсүмдүктөрдү сактоо үчүн макротомия, эндик, ясенец, уу коргошун жана афлатун пиязын чогултууга үч жылга тыюу салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом