Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалдыБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады7-8-ноябрда иш күнү бир саатка кыскартылат
Балыкчынын мурдагы смотрящийи Сапа статусунан баш тартты (видео)
06.10.2024 | 14:50
УКМК Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Балыкчы шаарынын мурдагы смотрящийи С.С.Т.га (криминалдык дүйнөдө “Сапа” каймана аты менен белгилүү) карата ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.
Аталган ведомтсовдон билдиришкендей, ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аталган С.С.Т. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.
Мындан тышкары, С.С.Т. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар