ЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификацияладыМинкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайтКыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачатТрамп АКШ баңги картелдерине каршы кургактагы операциясын баштай тургандыгын билдирди
Бишкекте автобус 18 жаштагы кызды сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду
07.10.2024 | 12:00
Бишкекте бүгүн, 7-октябрда автобус жаш кызды сүзүп кетип, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсык болжол менен саат 10:00до Чүй проспектисинде болгон. 18 жаштагы кыз жөө өтмөктөн өтүп баратканда аны автобус сүзүп кеткен. Анын айынан кыз Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Тилеккке аршы ал алган жаракаттарынан улам ооруканадан көз жумган.
Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, автобус айып короосуна коюлду.
Иликтөө иштери уланууда.