2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Бишкекте метро курулушу мүмкүн
09.10.2024 | 14:22
Инвесторлор Бишкекте метро курууну сунуштап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Жыйында депутат Элдар Абакиров борбор калаада элдин саны өсүп, 2 миллионго жетип калганын, эми метро куруу маселесин кароо керектигин сөз кылды.
Мэр Айбек Жунушалиев мындай сунуш менен инвесторлор да чыгып жатканын айтып, алар менен келерки аптада жолуга турганын билдирди.
“Эмки бешинчи күнү инвесторлор менен жолугабыз. Алар метро куруу боюнча сунуштарын берет. Биз карап көрөбүз. Шарттары туура келсе, анда биз аны баштаганга даярбыз”, – деди мэр.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом