Валентин Малютин ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду

14.10.2024 | 11:49

Кыргызстандык спортчу Валентин Малютин грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду.

Дүйнө биринчилиги Хорватияда 8-13-октябрда болуп өттү.

49 жаштагы Валентин Малютин 70 кг салмакта күч сынашты. Анын салмагында жалпы 5 балбан таймашып, алар бири-бири менен айлампа түрүндө күрөштү. Малютин бардык атаандаштарын жеңип, жыйынтыгында дүйнө чемпиону атанды.

Эскерте кетсек, ушул эле мелдеште эркин күрөштөн Чынарбек Изабеков күмүш уткан.

https://reporter.kg/zhumanazarovanyn-mashyktyruuchusu-chynarbek-izabekov-dyjno-chempionatynda-kymysh-uttu/

Scroll to Top