Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Бундеслига: Акжол Махмудов экинчи жеңишине жетишти (видео)
14.10.2024 | 11:11
Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Германиянын клубдук чемпионаты Бундеслигада экинчи жеңишине жетишти.
Махмудов Германиянын «Шорндорф» клубунун катарында 86 кг салмакта күрөшүүдө.
12-октябрда «Шорндорф» клубу “Ваккер Бургхаузен” командасы менен таймашып, 14:13 эсебинде жеңишке жетти.
Бул таймашта Махмудов германиялык Роланд Шварц менен күч сынашты. Ал атаандашын 9:1 эсебинде жеңди.
Махмудов «Шорндорфтун» катарында күрөшө баштагандан бери 3 беттеш өткөрдү. Анын экөөндө жеңишке жетип, бирөөндө жеңилүү ызасын тартты.
Эми анын клубунун кийинки беттеши 19-октябрда өтөт.